Чүй облусунда этно-STEM билим берүү топтомдору салтанаттуу тапшырылды

2026-жылдын 31-мартында Чүй облусунун Кант шаарындагы “Ручеек” бала бакчасында Ысык-Ата районунун жана Кант шаарынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарына этно-STEM билим берүү топтомдорун салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чаранын негизги максаты – мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, балдардын илимге жана технологияга болгон кызыгуусун улуттук баалуулуктар менен айкалыштырып өнүктүрүү, ошондой эле мамлекеттик тилдин ролун бекемдөө болуп саналат.

Салтанаттуу аземге мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери, билим берүү тармагынын адистери жана өнөктөштөр катышты. Алардын катарында Мелис Мураталиев жана Гүлмира Кыштобаева болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө тарбиялануучулар тарабынан улуттук баалуулуктарды даңазалаган чыгармачылык программа тартууланып, “Манас” эпосунан үзүндүлөр, мекен жана мамлекеттик тил тууралуу ырлар, ошондой эле улуттук бийлер көрсөтүлдү.

Расмий бөлүктө коноктор мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүдөгү этно-STEM ыкмасынын маанисин белгилешип, бул багыт балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык жөндөмдөрүн жана улуттук аң-сезимин калыптандырууда өзгөчө роль ойной турганын баса белгилешти.

Ошондой эле “ЭтноSTEAM” долбоорунун негиздөөчүсү Солдатбек Рысбек уулу долбоор тууралуу маалымат берип, анын максаттары, милдеттери жана күтүлгөн натыйжалары менен тааныштырды.

Иш-чаранын алкагында Ысык-Ата районунун жана Кант шаарынын жалпы 31 мектепке чейинки билим берүү уюмуна этно-STEM билим берүү топтомдору салтанаттуу түрдө тапшырылып, мекемелердин жетекчилерине тиешелүү сертификаттар ыйгарылды.

Бул демилге мектепке чейинки билим берүү системасына инновациялык ыкмаларды киргизүүгө, балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүгө жана улуттук баалуулуктарды сактоо менен заманбап билим берүүнү айкалыштырууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Прокрутить вверх