Бишкекте бала бакчалар үчүн ЭТНОСТЕМ мультистудия комплектисинин таанытымы өткөрүлдү

Бишкек шаарында мектепке чейинки билим берүү мекемелери үчүн инновациялык ЭТНОСТЕМ мультистудия комплектисинин таанытуу иш-чарасы ийгиликтүү өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, Билим берүү департаментинин адистери, райондук билим берүү башкармалыктарынын жетекчилери жана бала бакчалардын директорлору катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө долбоордун негиздөөчүсү Солдатбек Рысбек уулу ЭТНОСТЕМ мультистудия комплектисинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңири тааныштырып, анын балдардын чыгармачылык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө тийгизген оң таасирин белгиледи.

Ошондой эле, Мелис Мураталиев ар бир бала бакчаны заманбап жана улуттук баалуулуктарга негизделген ушундай комплекстер менен камсыздоо зарылдыгын баса белгиледи. Анын айтымында, улуттук баалуулуктарды заманбап билим берүү технологиялары менен айкалыштыруу аркылуу кыргыз тилинде эркин сүйлөгөн, чыгармачыл жана креативдүү жаңы муунду тарбиялоого кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар үчүн комплексти колдонуу боюнча практикалык көрсөтмөлөр уюштурулуп, тажрыйба алмашуу аянтчасы түзүлдү.

Белгилей кетсек, пилоттук долбоор катары Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан Москва районунун 15 бала бакчасына ЭТНОСТЕМ мультистудия комплектиси берилип, бул тажрыйба долбоордун натыйжалуулугун көрсөттү. Учурда долбоорду өлкөнүн башка аймактарына жайылтуу пландалууда.

“Балдар мультфильмди кантип жаратышат? Мультистудия”

Прокрутить вверх