2025-жылдын 22-майында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти №59 мектепке чейинки билим берүү уюмунун базасында борбор калаадагы бала бакчалардын тарбиялануучулары арасында STEAM технологияларын жайылтуу боюнча сынак өткөрдү.
Сынактын негизги максаттары жана милдеттери – балдарда алгоритмдер жана программалоонун негиздери, чыгармачыл инженерия жана конструкциялоо, анимациялык педагогика багыттарында жаңы билим, көндүм жана жөндөмдөрдү калыптандыруу. Ошондой эле 6–7 жаштагы балдар арасында илимий-техникалык чыгармачылыкты жайылтуу жана инновацияларга болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат.
Сынакка Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барган 6–7 жаштагы балдар катышты.
Номинациялар:
Соревнователдик алгоритмика жана программалоонун негиздери (“Робомышь” топтому)
Катышуучулардын жашы: 6 жаш, жалпы 13 катышуучу.
1-орун – №35 бала бакча
2-орун – №71 бала бакча
3-орун – №100 бала бакча
Лего-конструкциялоо (“Лего – мастер”)
Катышуучулардын жашы: 6 жаш, жалпы 8 катышуучу.
1-орун – №61 бала бакча
2-орун – №18 бала бакча
3-орун – №22 бала бакча
“Мультстудия” аркылуу балдардын анимациялык мультфильмдери
Бул номинацияда 6–7 жаштагы балдар жана тарбиячылар тарабынан даярдалган мультфильмдер алдын ала жюриге сунушталды.
Жалпы 2 уюм (№18 жана №22) катышып, экөө тең компьютердик техникага сертификаттар менен сыйланышты.
Этно-STEAM
Катышуучулардын жашы: 6 жаш, жалпы 12 катышуучу.
1-орун – №21 бала бакча
2-орун – №61 бала бакча
3-орун – №111 бала бакча
Сынактын жыйынтыгында биринчи, экинчи жана үчүнчү орунду ээлеген жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты.
Белгилей кетсек, “Этно-STEAM” номинациясында байге фондунун демөөрчүсү ишкер жана Этно-STEAM топтомунун автору Солдатбек Рысбек уулу болду. Ал эми башка номинациялардын жеңүүчүлөрүнө Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан түстүү принтерлер, компьютерлер жана жөнөкөй принтерлер тиешелүү сертификаттар менен тапшырылды.




