Москва районунда “Мыкты жомок” жана “Мыкты анимация” сынагы өттү

2025-жылдын 21-майында Чүй облусунун Москва районунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен Москва райондук мамлекеттик администрациясы биргелешип уюштурган “Мыкты жомок” жана “Мыкты анимация” чыгармачыл сынактарынын жыйынтыктоочу иш-чарасы өткөрүлдү.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу колдоосу менен уюштурулуп, буга чейин Москва районундагы 15 бала бакчага берилген “ЭТНОСТЕМ” мультистудия жабдууларынын негизинде ишке ашырылды.

Мындан тышкары, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан тарбиячылар үчүн атайын окутуу семинарлары өткөрүлүп, мультистудияны колдонуу ыкмалары үйрөтүлгөн.

Сынактын негизги максаты – тарбиячылар арасында мультистудияны активдүү колдонуу, балдарга мамлекеттик тилди жеңил жана кызыктуу ыкмалар аркылуу үйрөтүү, ошондой эле чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү болду.

Сынактын жүрүшүндө бала бакчалардын тарбиячылары жана тарбиялануучулары мультистудия жабдуулары аркылуу мамлекеттик тилде жомокторду жана анимациялык тасмаларды жаратып, өздөрүнүн чыгармачылык потенциалын көрсөтүштү.

Жалпысынан сынакка 11 мектепке чейинки билим берүү мекемеси катышып, төмөнкү жеңүүчүлөр аныкталды:

“Мыкты жомок” номинациясы боюнча:

  • 1-орун – Аруузат МЧББУ
  • 2-орун – Колокольчик МЧББУ
  • 3-орун – Бакыт МЧББУ жана Аленка МЧББУ

“Мыкты анимация” номинациясы боюнча:

  • 1-орун – Аруузат МЧББУ
  • 2-орун – Бакыт МЧББУ
  • 3-орун – Огонёк МЧББУ жана Колокольчик МЧББУ

Мындан тышкары, “Жаратман тарбиячы” номинациясында Куту Ян МЧББУ өзгөчө эмгеги үчүн сыйланды.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Ханджеза Карим Лемзарович, Москва районунун акими Козуев Ниязбек Эгемкулович, Улуттук комиссиянын мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Супатаева Альфира Ильясовна жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Аширбаева Мээрим Эриковна катышышты.

Ошондой эле “ЭТНОСТЕМ” мультистудия долбоорунун демилгечиси Солдатбек Рысбек уулу долбоордун мааниси жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берип, иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга баалуу белектер, дипломдор жана этно-комплекттер тапшырылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө бөбөктөр сахнада өз өнөрлөрүн көрсөтүп, алардын жүзүндө кубаныч, толкундануу жана шыктануу байкалды. Балдар өз колдору менен даярдаган материалдар аркылуу жомокторду жандандырып, кыргыз тилиндеги каармандарды үндөп, музыкалык коштоо менен анимацияларды жаратышты. Бул чыгармалар көрүүчүлөрдүн зор кызыгуусун жаратты.

Бул демилге балдарга мамлекеттик тилди заманбап ыкмалар аркылуу үйрөтүүгө жана алардын чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Прокрутить вверх